Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:42
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ак-Жарда чыккан чырдын артында үчүнчү күчтөр барбы?

16.12.2020 10:28
657
Ак-Жарда чыккан чырдын артында үчүнчү күчтөр барбы?

15-декабрь күнү кечинде Бишкектин түндүк тарабындагы Ак-Жар жаңы конушунун тургундары айланма жолду бууп, жолдун ортосунда дөңгөлөктөргө от коюп, ызы-чуу салды. Конуштун тургундары мындай кадамын тынымсыз өчүп жаткан электр энергиясына байланыштырды. Жол тоскондор 10-15 градус суукта балдары менен электр жарыгысыз, жашоого шарты жок калышканын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери улам өчүрүлүп жатат. Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барганы менен маселе курч бойдон турду.


Кечээ кечинде социалдык тармактарда тараган видеону көргөн адам бул иш-чаранын артында уюштуруучулары бар экенин бат эле аңдайт. Президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталган күнү ушундай акциянын башталганы да бекер жерден эмес чыгар. Кыргызстанга ушундай учурда тынчтык гана керек. Андыктан тиешелүү органдар бул окуяны тыкыр иликтеп, азыркыдай суукта элди үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылышы абзел. Эгер жол тосуунун артында башка күчтөр турган болсо, алардын аракетин токтотуу зарыл.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Олкону ептей албай калса башка кучтор жасап атат дей койушат.