Ак куулардын айдың көл
Көрсөтчү ак куу конгон ошол көлдү,
Кадамың гүл чегерген жээк бойлоп.
Кандайдыр беришкенсийт сырдуу белги, -
Толкунду тосуп жатып койдум ойлоп.
Көрсөтчү маяк күйгөн аркы жээкти,
Кайыкка калак салып барган элек.
Табалбай орундуу бир жакшы кепти,
Издегем бир жыттоого анда себеп.
Жуп элек, Ай да анда эки болгон -
Бирөөсү көл түбүндө жаткан калкып.
Эң алгач кармаганга сени колдон
Жүрөгүм "дүп-дүп" этип, алгам балкып.
Ыктасам чочуп кетип жайдар күлкүң
Шыңкылдап көл түбүнө түшүп кеткен.
Келбестен калат го деп мындай бул күн,
Калтырак басып аяр сүйгөм беттен.
Чакырчы ак куу конгон ошол көлгө,
Биз чындап эми билдик сүйүү баркын.
Сөз болсок деле мейли бөлөктөргө,
Бузалы караң калгыр турмуш салтын,
Чакырчы ак куу конгон ошол көлгө...
Кубат Оторбаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн