Туурасын айтканда, Ак үйдүн тосмосу эч кимге деле тоскоолдук жаратчу эмес. Тосмонун сыртында деле адамдар кең-кесири баса тургандай жол бар эле. Көзгө деле жаман көрүнбөчү. Шаардын көркүн деле бузчу эмес. Ырас, балким Акаевдин убагында ал тосмону орнотпой койсок деле болмок. Тосмосуз деле Ак үйдүн көркү бузулбайт болчу. Бирок, тосмо коюлуп калгандан кийин, аны бузуунун кандай зарылчылыгы бар эле?
Айтор, өткөн жылдын ноябрында Ак үйдү курчап турган тосмо Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун буйругу менен алынган. Ал тосмону алып салганда эле эл менен депутаттар аябай камыр-жумур болуп, бири-бирине күнүгө жолугуп, маселелер дароо чечилип баштаган жок. Баштагыдай эле депутаттар парламентте күпүлдөп, бири-бирин «Эй дебей калчы!», «Ногу эмне дейт?!» деп коркутуп, жулунуп жүрүшсө, эл деле баштагыдай эле алардын ишине нааразы. Анын үстүнө «просроченныйлар» деген кошумча ат жармашты.
Ошентип өздөрү тосмону алдырып салган депутаттар эми өздөрү «Ак үйдүн айланасына шлагбаум койдуруш керек. Болбосо биз машина токтотуу үчүн орун таппай, отурумдарга кечигип калып жатабыз» деп кейий башташты. Тактап айтсак, мындай пикирди Мейкинбек Абдалиев аттуу депутат айтты. Ал эми спикер Талант Мамытов бул маселе Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына даректелгенин, ошондой эле шлагбаум орнотуу жана машина токтотуучу жайды тартипке келтирүү боюнча Бишкек шаарынын мэри менен сүйлөшүү болгонун билдирди.
Демек, ошондо эми Ак үйдүн айланасына кайра шлагбаум коюлуп, чоочун унаалар кире албай тургандай болгону жатабы? Анда эмнеге тосмону алдырдыңар эле? Ошол тосмону алдырыш үчүн деле жумушчу күчү кеткен, аларга акы төлөнгөн да. Эми кайра шлагбаум койдуруш үчү да чыгым кетет. Эмне депутаттардын мындан башка жасаар иши жокпу? Жөн турган тосмого тийбей койсоңор эле машина токтотууда маселе жаралбайт эле го.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн