Бугу 01, 2024
Убакыт: 11:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Акаев мандат алат. Жогорку сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

28.12.2021 12:47
1642
Акаев мандат алат. Жогорку сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку сот "Альянс" саясий партиясынын өтүнүчүн карап, Бишкек шаардык Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.


Жогорку соттун чечимине ылайык Жогорку Кеңешке Жанар Акаев депутат болуп келет.


Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги аялдардын гендердик квотасынын 30 пайызын аялдар түзүш керек деген чечим менен Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат катары каттоону чечкен. Партия БШКнын бул чечимине каршы сотко кайрылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн