Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 05:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Акбөкөн Таштанбеков: Мен азыр деле МАИден корком, аларды көргөндө унаам үркүйт

07.06.2022 16:16
807
Акбөкөн Таштанбеков: Мен азыр деле  МАИден корком, аларды көргөндө унаам үркүйт

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында окуучу балдардын ата-энесине айып салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.


Жыйын учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков өзүнүн бала кезин мисал келтирди.


"Биз бала кезде милициянын формасын көргөндө коркуп калат элек. Мен азыр деле МАИ кызматкерлерин көргөндө коркуп сүйлөй албай калам. Аларды көргөндө унаам дагы үркүп кетет",- деди депутат.


Таштанбеков окуучулар мугалимдерге сый-урмат менен мамиле кылышы керектигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн