Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:01
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акча алмаштыруу жайынан электрошокер колдонуп, 10 миң долларды тоноп кеткен (фото)

17.07.2020 18:55
823
Акча алмаштыруу жайынан электрошокер колдонуп, 10 миң долларды тоноп кеткен (фото)


Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 12:40тар чамасында акча алмаштыруу бюросунун кызматкерине карата электрошокерди пайдаланып, 10 миң АКШ долларына жакын акча каражатын тартып алганын билдирген.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кылмышка шектүү болуп болжол менен 30-35 жаштардагы азият түспөлүндөгү белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.


Ошол эле күнү аталган факты Октябрь РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.


Алдын ала болжолдуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу бюросуна акчаны алмаштырган кардар катары кирип, акыркысында жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүнү көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 миң АКШ долларына жакын акча каражатын алып, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу кармалды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн