Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акча сунуштап коронавирустан каза болду деп жаздырууга кызыкдар болгондор бар

13.05.2020 17:55
1423
Акча сунуштап коронавирустан каза болду деп жаздырууга кызыкдар болгондор бар


Бир нече адамдан угуп жатам, азыр инсульт, инфаркт же башка оорудан каза болгон жарандардын туугандарына барып, дарыгерлер “коронавирустан каза болду”, деп айткыла деген тариз менен акча сунуштап жатышыптыр, деп билдирди депутат Алтынбек Жунус уулу парламенттин бүгүн, 13-майда өтүп жаткан жыйынында.


Анын айтымында, муну жашыруун кылабыз, коронавирустан каза болду деп жазып бериңиздер деп сунуш кылып жатышат. “Бул боюнча өкмөттүн маалыматы барбы?” - деп сурады депутат.


Буга жооп берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев андай маалымат түшпөгөндүгүн билдирип, эгер ошондой фактылар катталса чара көрүлөрүн айтты. “Коронавирустан каза болгондор кадимкидей эле жайга коюлуп жатат. Вирустан каза болгондор акча табуу боюнча эч кандай пайда көрүшкөн жок”, - деди ал.


Ал эми саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов андай болушу мүмкүн эмес экенин, коронавирус диагнозу бир гана лабораториялык ыкма менен изилденгенден кийин гана далилдүү болоорун белгиледи жана ал ушундай сөздөр боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөөрүн кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн