Америка жазуучусу Джером Девид Селинджер 1919-жылы 1-январда Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Атасы Соломон Селинджер Литвадан чыккан жөөт улутундагы соодагер, бай адам болгон. Энеси Мириям Селинджер шотланд-ирланд улутунан. Джеромдун өзүнөн сегиз жаш улуу эжеси бар. Атасы Джеромго жакшы билим берүүгө аябай аракет кылган. 1936-жылы Джером Пенсильвания штатындагы аскер окуу жайын бүтүргөн. 1938-жылдары Урсинус колледжинде, кийин 1939-жылы Колумбия университетинде окуйт. Бирок тапшырган окуу жайларынын бирин дагы толук аяктаган эмес.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн жалгыз роман
Жазуучунун карьерасы Нью-Йорктун журналдарына аңгеме жазуу менен башталган. Девид Селинджерге биринчи олуттуу баркты 1948-жылы жазылган "Хорошо ловится рыбка-бананка" аңгемеси алып келет. Арадан 11 жыл өткөндөн кийин 1951-жылы "Над пропастью во ржи" аттуу жалгыз романын жазат. Бул роман шумдуктуудай даңкты, ызы-чуулуу сын пикирлерди жаратат. Өзгөчө жогорку класстын окуучулары менен студенттеринин арасында абдан окумдуу романга айланат.
Романдын башкы каарманы Холден Колфилдин образы акыл-эсти аңтар-теңтер кылат. Учурда ал китеп көп өлкөлөрдө жана Американын мектептеринде окуганга үндөп туруучу адабий китептердин катарында. 1968-жылы эле китеп 12 тилге которулуп чыгарылган. Ал мамлекеттердин арасында СССР да болгон.
Адамдар менен мамилеси үзүлдү
1960-жылдары "Френни жана Зуи" новелласын ж.б. аңгемелерин жазат. Девид Селинджер "Над пропастью во ржи" романы шумдуктуудай атак-даңк алып келгенден кийин кечилдердин жашоосуна өтөт. Массалык маалымат каражаттарынын баарына маек берүүдөн, чыгармаларын басмаканаларга берүүдөн баш тартат. Өмүрүнүн акыркы жылдарында адамдар менен болгон мамилесин таптакыр үзүп таштайт. Үйүнүн айланасынын баарын бийик тосмо менен курчатат. Бирок буддизм, индуизм, йога, макробиотика, дианетика менен машыккан.
Джером Девид Селинджер 2010-жылы 27-январда өз ажалы менен каза тапкан. Анын өлүмүн баласы жана адабий агенти коомчулукка билдирген.
Романдын сюжети
Америкадагы жалпы элдин жашоо турмушка болгон калыптануусун, адеп-ахлагын, сын пикирдүү көз караш менен ачык жазып көрсөткөн. Чыгарма өзгөчө жаштар арасында өтө таанымалдуулукту жаратып, ХХ кылымдын жарымында дүйнөлүк маданиятка өзгөчө таасир берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн