Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров Арипов менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну талкуулады

06.11.2021 10:39
359
Акылбек Жапаров Арипов менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну талкуулады

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.


Жолугушуу Бишкекте өткөн "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында өткөн.


Акылбек Жапаров Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мамлекет ичиндеги иштер бүтүп калганына кубанып жатканын айтып, фонд долбоорлорду ишке ашырууда жардам берерин белгилеген.


"Тараптар Өзбекстандан электр энергиясын алуу, Өзбекстандын аймагы аркылуу Түркмөнстандан жаратылыш газын ташып жеткирүү, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу, Эркеч-Там — Дароот-Коргон — Кызыл-Кыя жолу, Кызыл-Кыя шаарына соода-логистикалык борборун куруу маселелери тууралуу сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда тараптар айыл чарба жана өнөр жай маселесин да талкуулашканы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн