Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президентин кабыл алды

29.03.2023 09:10
349
Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президентин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чону кабыл алды.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.


Министрлер кабинетинин төрагасы таэквондо жаштарды эрктүүлүккө жана тартипке тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган өлкөдөгү эң популярдуу спорттун түрлөрүнүн бири экенин белгиледи.


Өз кезегинде Чунг Вон Чо Министрлер кабинетинин төрагасына өзүн өзү коргоо өнөрүнүн бул түрүн жайылтууга багытталган иштер тууралуу айтып берди, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарын чаралар таэквондого акысыз үйрөтүү боюнча иштерди белгиледи.


Ал ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу данды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн