Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар ишканаларга барды

09.08.2023 13:59
418
Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар ишканаларга барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай ишканаларына барды.

Алгач Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарындагы “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводунда болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы заводдун өндүрүш аймактары менен таанышып чыккандан кийин “Чайна Петроль Компани” ЖЧКсынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, анда 2019-жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси талкууланды.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы 90дон ашуун адамды жумуш менен камсыз кылган “Дан” мамлекеттик ун ишканасында болду.

2023-жылдын башынан бери ун ишканасы Мамлекеттик материалдык резервдер фондун буудай менен камсыздап келет, бүгүнкү күндө ишкананын кампаларында 1000 тоннадан ашуун ун бар.

Бул багытта министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттерине токтолуп, аларды модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

“Биз “ылдамдык менен өнүгүү доорунда” турабыз, биз бул өзгөрүүлөргө туруштук беришибиз керек, антпесе артта калуу коркунучу бар. Бизнес-долбоорлорду даярдагыла, “бир орунда турбагыла”, мамлекет башында туруп каржы институттары, өнүктүрүү фонддору менен керектүү колдоо көрсөтүлөт”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Мындан тышкары, төрага “Декна Бишкек Текстиль” текстиль чыгаруучу ишканасына барып, өндүрүш процесси менен таанышты жана ишкананын иштеп жаткан кампаларын көрүп чыкты.

Ишканада өндүрүштү кеңейтүүгө даярдыктар жүрүп жатканы айтылды, МинКаб Төрагасы бул планды ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын соңунда “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына барды.

Ал белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу электр лампа заводунун мисалында, бардык мамлекеттик ишканалар жана завод-фабрикалар жабдууларын эл аралык стандартка жооп бере тургандай кылып жаңыртуу зарыл, алар технологиянын өнүгүү доорунда дайыма жаңыланып туруу зарыл.

“Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча “Кара-Балта спирт заводу” өткөн жылдын жылдык көрсөткүчүнө жарым жылда жетишти – бул жакшы көрсөткүч. Заводдун жумушчуларынын эмгек акысын жогорулатуу маселесин чечуу керек. Азыр мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жеке секторго караганда жогору, ага жетиш керек», - деди Акылбек Жапаров.

Борбор калаага бараткан жолдо министрлер кабинетинин төрагасы “Строй Сервис плюс” курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен дагы таанышып, бул заводдун борбордун түштүк бөлүгүнө куруп жаткан “Жаштар кварталы” деп аталган объектисинде болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн