Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти менен жолугушту

29.04.2024 16:33
274
Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен келген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту.

Минкаб башчысы IFC менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөнүн экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.
Тараптар 2024-жылдын биринчи чейрегинде экономикасы болуп көрбөгөндөй 8,8% өскөн Борбордук Азиядагы жана Кыргызстандын экономикалык абалын талкуулашты. Мындай көрсөткүчтөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү жана акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин колдонуу боюнча жигердүү ишинин аркасында жетишилгени белгиленди.

Талкуунун маанилүү темасы Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун ишке ашыруу болду,

«Бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын жайкы мезгилде топтоп, Өзбекстан менен Казакстандын сугат суусуна болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бир жагынан глобалдык климаттык чакырыктарды, экинчи жагынан өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасы жеке жана мамлекеттик секторлор үчүн тобокелдиктерди азайтуу үчүн жеке капиталды мобилизациялоо жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча IFC саясатын кубаттайт», — деди Акылбек Жапаров.

Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху өз кезегинде өлкө үчүн энергетика жана жеке секторду колдоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле уюмдун Кыргызстанда кеңсесин ачуу боюнча келишимге кол коюлганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн