Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

06.12.2021 10:49
494
Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат



Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун билдирди. 


Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. 


Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев белгилегендей, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жумушчу сапарын жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. 


Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн