Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгон, дагы 300 жыл чогуу болууга даяр

25.02.2022 12:10
529
Акылбек Жапаров: Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгон, дагы 300 жыл  чогуу болууга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Анда тараптар алака-катышты ар тараптан өнүктүрүү, кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.


"Орусия менен Кыргызстан үчүн бул өзгөчө жыл. Мартта биз дипломатиялык алака-катышыбыздын 30 жылдыгын белгилейбиз. Орусия Кыргызстан менен көп кылымдык досутукка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүн аздектейт", -деди Мишустин.


Акылбек Жапаров өз кезегинде Нур-Султан сапарынын алдында президент Садыр Жапаров менен жолукканын, анда Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгонун, дагы 300 жыл да чогуу болууга даяр деп айткандарын билдирди. Ошондой эле Москвага былтыр жыл аягында Кыргызстандын бюджетти колдоого 10 миллион доллар жардам көрсөткөнүнө ыраазчылык билдирди.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн