Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Кыргызстанда өзгөчө Санарип кодекси даярдалып жатканын билдирди

03.02.2023 12:55
306
Акылбек Жапаров Кыргызстанда өзгөчө Санарип кодекси даярдалып жатканын билдирди


Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»


Кыргызстанда Санарип кодекси иштелип чыгууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанда өтүп жаткан "Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк" санариптик форумунун жалпы жыйынына билдирди.


“Кыргызстан санарип технологияларды өнүктүрүү үчүн тең салмактуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда. Ал эми санарип дүйнөдөгү революциялар жөнүндө айта турган болсок, анда биз мамлекеттик башкарууда активдүү санариптик чечим менен пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу үчүн өзгөчө Санарип кодексин иштеп чыгуудабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, жыл сайын өтүүчү Digital Almaty эл аралык форуму бизнес өкүлдөрүнүн, эл аралык эксперттердин, IT-коомчулугунун, мамлекеттик органдардын жана ЖМКнын катышуусунда Алматыдагы эң ири Tech иш-чара болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн