Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Акылбек Жапаров Лейлек жана Баткен районундагы чек арачылар 1-октябрдан 76 миң сомдон айлык аларын билдирди

29.09.2022 16:38
770
Акылбек Жапаров Лейлек жана Баткен районундагы чек арачылар 1-октябрдан 76 миң сомдон айлык аларын билдирди

Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын маяна алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди.


Жапаров чек арачылардын айлык акысы үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатылганын баса белгиледи.


“Аталган эки райондо кызмат өтөгөндөрдүн маянасына эки коэффициент кошулду, демек, Баткен жаан Лейлек районундагы чек арачылар 76 миң сомго жакын маяна алышат”, - дейт ал.


Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда Баткен облусунда жүрөт. Ал 14-17-сентябрда тажик тараптын куралдуу кол салуусунун жүрүшүндө Максат айылындагы кыйраган объектилер менен таанышты. Ошондой эле Жапаров жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн