Теке 27, 2024
Убакыт: 08:57
USD
EUR
RUB

Акылбек Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына учуп кетти

24.05.2024 09:14
182
Акылбек Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына учуп кетти


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) учуп кетти.

Делегациянын курамы:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров;
- Кыргызстандын Беларустагы элчиси жана КМШнын уставдык органдарындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
- КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе бар. Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.

Мындан тышкары, жыйында саламаттыкты сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы мерчемделүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн