Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту

26.05.2022 17:24
778
Акылбек Жапаров кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту. 


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.


Никита Михалков ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди. 


Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн