Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров "Газпромдун" директору Алексей Миллер менен жолукту

07.07.2023 12:32
671
Акылбек Жапаров "Газпромдун" директору Алексей Миллер менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "Газпром" ишканасынын директору Алексей Миллер менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.


Анын алкагында газ менен жабдуу тармагында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланган.


Жапаров эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы тереңдеп, туруктуу өнүгүү жолунда бара жатканын белгилеген. Өз кезегинде Милллер Кыргызстан "Газпромдун" ишенимдүү өнөктөшүү болуп саналарын айткан.


"Биздин энергетика жаатында жана газ боюнча кызматташууда мамилелерибиз аябай бекем. Мындай кызматташтыкты өнүктүрүүнүн чоң потенциалы бар экенине көзүбүз жетип турат", — деди Миллер.


Ошондой эле тараптар Кыргызстанда компания тарабынан социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча күн тартибиндеги маселелерди карашканы айтылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн