Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров санариптештирүү үчүн Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

11.04.2023 15:06
1077
Акылбек Жапаров санариптештирүү үчүн Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты.


Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларында негизинен – Дүйнөлүк банктын эволюциясынын жол картасына, Дүйнөлүк банктын тобун реформалоо боюнча демилгелерге көңүл бурулду.


Сунушталып жаткан реформаларды колдоорун билдирген Акылбек Жапаров, климаттын өзгөрүшү жана пандемияга даярдык маселелерин Дүйнөлүк банктын миссиясына киргизүү, Дүйнөлүк банктын операциялык моделин жаңылоо, «кардар өлкөлөргө» каржылык жардамды көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.


Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасына көбүрөөк көлөмдөгү «түз колдоо» керектигин, ал Кыргыз Республикасынын экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын адам капиталына тийгизген терс таасирин жоюуга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталат жана аймактык деңгээлдеги экономикалык байланыштарга жана жалпы рынокторго түрткү болоорун белгилегенди.


Мындан тышкары, Акылбек Жапаров банкка тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштады.


«Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Минкаб башчысы.


Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылык колдоону көбөйтүүдө олуттуу жылыш бар экенин белгиледи, анын айтымында, бул «акыркы жылдары байкалууда».


«Билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө бюджеттин олуттуу көбөйүшү көңүл бурууга арзыйт, социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүүдө», – деди Мамта Мурти.


Ал ошондой эле Жапаров Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктын жаңы долбоорун даярдоо жана каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат берди, бул өлкөдөгү билим берүү тармагына жасалып жаткан колдоонун уландысы болот.


Белгилей кетсек, учурда Дүйнөлүк банк балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоорун ишке ашырууда. Жогорку билим берүүнү модернизациялоо долбоору банк тарабынан бир нече айдын ичинде бекитилет деп күтүлүүдө.


Жолугушуунун маанилүү темаларынын бири санариптик технологияларды адам жашоосунун бардык чөйрөсүнө киргизүү болду.


Бул багытта тараптар кошумча финансылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты жана заманбап дүйнөдө адамдын жашоосунун ажырагыс шарттары катары санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча позициялардын дал келишин ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн