Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

08.01.2022 20:08
558
Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Тиешелүү министрликтин башчысы Азамат Жаманкулов өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды берди.


Акылбек Жапаров белгилегендей, Мамлекет башчынын Жарлыгы менен Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн.


«Биз экономиканын приоритеттүү тармагы – туризмди өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Туристтик объекттерге алып баруучу бардык жолдор аларды андан ары реконструкциялоо жана тейлөө үчүн Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүүгө тийиш. Туризмдин билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарына жана туризмдин башка түрлөрүнө басым жасашыбыз керек», - деди Министрлер кабинетинин башчысы. 


Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн