Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров жаш спортчуга Бахрейндеги Азия чемпионатына катышуу үчүн 150 миң сом бөлдү

24.06.2022 10:43
522
Акылбек Жапаров жаш спортчуга Бахрейндеги Азия чемпионатына катышуу үчүн 150 миң сом бөлдү


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Элина Бакытова менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Акылбек Жапаров жаш спортчуга министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана өзүнүн маянасынан 50 миң сом бөлдү.


«Биз акыркы Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээлери болгон кыздарыбыз менен сыймыктанабыз. Кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен борбор калаада адистештирилген спорт зал курулууда. Элина, сизге спортто ийгиликтерди, алдыга койгон бардык максаттарыңызга жетишиңизди жана чың ден соолук каалайм», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн