Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров жергиликтүү органдарды 1-мартка чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тапшырды

20.01.2022 11:03
799
Акылбек Жапаров жергиликтүү органдарды 1-мартка чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, райондук администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө регондор жана айыл өкмөттөр боюнча «Infodocs», «e-kyzmat», «Санарип аймагы» маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.


«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта Президенттин Администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.


Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүнө карай аттестация жүрөт.


Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча республиканын аймактарында окуу семинарларын өткөрүү иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринен турган көчмө топторду уюштурууну тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн