Жетинин айы 15, 2024
Убакыт: 00:40
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.865
0.895

Акылбек Жапаров жыл аягына чейин 150дөн ашык ишкана ачыларын билдирди

Акылбек Жапаров жыл аягына чейин 150дөн ашык ишкана ачыларын билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, жылдын аягына чейин ачыла турган ишкананын саны 150дөн ашарын, жалпы инвестиция көлөмү 2,2 млрд долларын түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлөрүн билдирди.

“Тармактар боюнча жаңы ишканаларды айтсам: иштетүү өнөр жайы – 124 ишкана, энергетика – 18 ишкана, кен казуу тармагы – 8 ишкана, соода-логистика борборлору – 6 объект, калдыктарды кайра иштетүү ишканалары – 2 ишкана ачылды. Ал аймактар боюнча айтсам: Чүй облусу – 45 ишкана, Ош облусу – 23 ишкана, Баткен облусу – 12 ишкана, Ысык-Көл облусу – 16 ишкана, Бишкек — 18 ишкана, Жалал-Абад облусу – 12 ишкана, Нарын облусу – 15 ишкана, Ош шаары – 10 ишкана, Талас облусу – 7 ишкана ачылды”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз сөзүн улай минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, акыркы 3 жылда Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү активдүү инвестиция жана мамлекеттик колдоонун натыйжасында өсүүнүн темптерин жана негизги тармактардын кеңейишин көрсөтүп жатканын, быйыл 100 жылдыкка карата 100 ишкананы ишке киргизүү демилгеси күчтүү түрткү бергенин билдирди.

“2023-жылы жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 482,8 млрд сомду түздү, ал эми 2024-жылы 690 млрд сомго жетет. Маселен, учкай токтолсом, биз цемент менен өзүбүздү камсыздоого жетиштик, Кыргызстанда 1-жолу автоунаалар чыга баштады, алтындан стандарттык куймаларды өндүрүү башталды, дары-дармектердин жаңы түрлөрүн чыгара баштадык”, - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн