Акылбек Жапаровдун жубайы Сеид Атамбаевдин Жапаровду айыптаган сөздөрүнө жооп берди. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазды.
Анын айтымында, Акылбек Жапаров Атамбаевге окшоп фабрикаларды саткан эмес.
"Акылбек Үсөнбекович көп жылдан бери саясатта орду бар, сөзү өтүмдүү болуп келген. 2005-жылы Акаевге каршы оппозицияга өткөн. Кийин сиздин атаңыз сыяктуу Бакиевдер менен иштешти.
Сиздин атаңыз фабрикаларды сатып жүргөндө эле менин бизнесим бар болчу. Мен мамлекетке 1,5 миллиард сом салык төлөдүм. Сиздин атаңызга карызыбыз жок. Өзүбүздүн кызылдай акчабызга кампа сатып алдык.
Улуу урматтуу дегендин эмнеси бар экен. Ошондо дүйнөдө эң тез ГЭСтин платинасы болгону 17 секундда курулган.
2017-жылы Акылбек Үсөнбековичке кылмыш иши козголду. Ал билбеген, көрбөгөн акчалардын айыбы деп 200 миллион сом мойнуна илди...
Сиз бирөөнү короо шыпыртпай, өзүңүздүн атаңыздын ден соолугун тилеңиз",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (2)