Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акимдерди ротациялоо саясаты туура жүрүүдө

22.05.2021 20:02
1090
Акимдерди ротациялоо саясаты туура жүрүүдө


Президенттин акимдерди ротациялоо саясатын баштаганы эң туура болду. Бул тууралуу мезгилдик басыламаларга убагында көп эле жаздым. Акимдерди совет мезгилиндегидей ротациялоо элдин биримдигин,  аймактарды башкаруунун натыйжалуулугун гана арттырат. 


Биринчиден, элдерди аралаштырат, бөлүнүүчүлүк, трайбалисттик көрүнүштөргө бөгөт коюуга түрткү берет.


Экинчиден, акимдердин кандайдыр кландык, трайбалисттик, тамыр-сөөктүк  топторго кызмат кылуусуна, же ошондой топтордун башчысына айлануусуна жол бербейт. Башка жерге аким болуп барган адам баарына тегиз карайт, чочулап иштейт.  


Үчүнчүдөн, коррупциялык көрүнүштөр кескин азаят. Анткени, бейтааныш жерде дароо эле коррупцияга аралашып кете албайт.  Себеби, ал жерде «свой», тааныш-билиш,   тууган-туушкан деген болбойт. Аны эч ким аябайт, коррупциялк ишке аралашканы билинсе эле жергиликтүүлөр көргүлүктү көрсөтүп коёт. 


Советтик мезгилде кадрдык ротация өзүнүн натыйжасын бергенин жакшы билебиз. Султан Ибраимов, Матен Сыдыков, Корчубек Акназаров, Мухтар Нургазиев, Вагинур Талипов, Маматкасы Эргешов, Үсөн Сыдыков, Эркин Алиев, Зебикан Кутманова ж.б. кардык ротациялык саясаттын негизинде өздөрүнө  чоочун райондорду, облустарды  ийгиликтүү башкарып, тарыхка кирип калгандар. 


Бирок акимдерди ротациялоо  менен эле чектелбестен аларга кеңири ыйгарымдарды, укуктарды берүү керек. Аймактарды өнүктүрүү жөнүндө сөздөр көп болгону менен аймактарды башкаргандардын укуктары таптакыр эске алынбай жатат. Колунан эч нерсе келбеген  аким же облустагы өкүл эмнени башкарып жыргатмак эле? Азыр райондорду, шаарларды, облустарды башкаргандардын советтик мезгилдеги биринчи катчылардын ондон биринче да ыйгарымдары, укуктары жок. Ошондуктан аймактык-административдик реформаны ишке  ашыруу менен райондорду, облустарды башкаргандардын кадрдык, каржылык, экономикалык ыйгарымдары, укуктары кескин көбөйтүлүшү, жок дегенде советтик мезгилдеги биринчи катчылардыкына теңделүүсү зарыл. 


Дагы баса белгилеп айтчу нерсе, акимдердин жоопкерчилиги, мыйзамсыз, коррупциялык иштерге барган учурларда алчу жазалары  күчөтүлүшү керек. Болбосо, «кичи мекеним эмес, мында убактылуумун, эртеби, кечпи кетем, ошон үчүн болушунча «эптеп калайын» деген принципте иштечү акимдердин да табыларын жокко чыгарууга болбойт.


Мирлан Дүйшенбаев, журналист 

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн