Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акимдерди ротациялоонун оош-кыйышы

24.05.2021 12:40
1568
Акимдерди ротациялоонун оош-кыйышы


Кече жакында эле президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, облустардагы райондордун акимдери ротацияланды. Башкача айтканда, райондук администрация башчылары-акимдер мурда ээлеген кызматтарынан бошотулуп, башка облустун райондорунун администрация башчылыгына дайындалышты.


Мисалы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов ээлеген кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Өзгөн районунун администрация башчысы-акими кызматына дайындалды. Ал эми Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп келген Руслан Мейматкулов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болду. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп келген Таалайбек Жайылов Чүй облусунун Аламүдүн районуна аким болуп келди. Чүй облусунун Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев Ош облусунун Кара-Суу районуна аким болуп барды.


Айтор, мына ушундай тартипте акимдер ротацияланды. Бир топ жылдардан бери карай акимдерди дүңүнөн ротациялоо жасала элек болчу. Ошондон улам көпчүлүк райондордо акимдин кызмат орду кызуу талаштарга түшүп, бир эле райондун эли бөлүнүп-жарылып калган учурлар болуп келген. Андыктан акимдердин ротацияланышы коомчулук тарабынан колдоо таап отурат.


Кандай артыкчылыктары бар? Биринчи кезекте, аймактар аралык ынтымактын, биримдиктин негизи болуп бере алат. Ар бир район ошол райондо туулуп-өскөндөр үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү экенин айгинелейт. Мындай ротациялоо СССРдин убагында кадимки практикага айланып, өз жемишин жакшы берген.


Экинчиден, коррупцияга бөгөт коет. Себеби, башка райондон келген аким ал райондун жашоочулары, мекеме жетекчилери менен жакындан тааныш эмес. Бири-биринин сырын билбейт. Бул жагдай жең ичинен кайсы бир маселелерди чечип, жеке кызыкчылыктарды жүзөгө ашырып кетүүдөн сактай алат. Ошол эле учурда тууганчылык аркылуу маселелердин чечилиши да токтойт.


Үчүнчүдөн, башка райондон келген аким өз ишинде калыс, акыйкат жана адилет болууга умтулат. Өзүнүн мыкты уюштуруучулугун, кесипкөйлүгүн көрсөтүп калууга ашыгат. Себеби, мурда-кийин ичинен тааныш эмес райондо кадыр-баркка ээ болуп, узагыраак мөөнөткө иштеши үчүн ага жергиликтүү жашоочулардын ишеними жана сый-урматы керек болот.


Райондун ичиндеги мекеме жетекчилерине тактыкты жана катуу талапты кое алат. Мурдагыдай «Бул менин тууганым эле, кошунам эле, же тууганымдын досу эле» деген сыяктуу бошураак мамиле жасоого эч кандай себеп калбайт.


Бир гана маселе жарата турган жагдай бар – ал жаңы барган райондун ички көйгөйлөрүнөн кабарынын жоктугу. Ал маселелерди ичинен билип, көзү менен көрүп, көкүрөгү менен түшүнгөнгө убакыт керектелет. Аны канчалык эртерээк билип, эртерээк түшүнсө, акимдин ишинин илгерилеши да ошончолук эрте болот. Бул жерде анын билими, тажрыйбасы жана уюштуруучулук жөндөмү өтө маанилүү. Андыктан ротациялоодо канчалык деңгээлде тажрыйбалуу, билимдүү жана уюштуруучу кадрлардын дайындалганы да көңүл бура турган жагдай.


Эң башкысы ротациялоо кадамы жасалды. Кадрларды ротациялоо жасала турганы мурдагы бийликтин учурунда да айтылып, бирок ал Ош менен Ысык-Көл облустарынын жетекчилерин алмаштыруу менен эле токтоп калган. Бул ирет бийликтин чечкиндүү кадамы байкалды. Эми жаңы дайындалган акимдердин чечкиндүү иш-аракеттери керек. Жарым жыл ичинде кайсыл акимдин дарамети кандай экени билинип калат. Ошого жараша алардын келечек карьералары да аныкталат.


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн