Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Акин Токталиев: Ала качып өлтүрүлгөн кыздын окуясы үчүн ИИМ жетекчилиги кызматтан кетүүсү керек

08.04.2021 12:49
1255
Акин Токталиев: Ала качып өлтүрүлгөн кыздын окуясы үчүн ИИМ жетекчилиги кызматтан кетүүсү керек


Ала качып өлтүрүлгөн кыздын окуясы милиция органдарынын ишинин шалаакы экенин дагы бир жолу көргөздү. Мындай пикирди укук коргоочу, адвокат Акин Токталиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, бардык укук коргоо органдары, анын ичинде прокуратура жана соттордун бири-биринин жоопкерчилигин карабай жаткандыгынан бүгүнкүдөй көйгөйлөр жаралууда. Ошондой эле министрлердин, мекеме жетекчилеринин тааныш-билиши же акчасы аркылуу туура эмес сунушталып, дайындалуусу бул системаны ого бетер башаламандыкка алып келүүдө.


“Азыр бизде эптеп жумушка кирсин, эптеп иштесин, эптеп жанын баксын деген система. Ошондук жумуштар начар, реформа жок. Ар бир орган өз жоопкерчилигин билбейт, өз ишинин шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке да тартылышпайт. Ал кызматка ким сунуш кылды, ким дайындады, бир нерсе болсо алар жооп бербейт. Ошондуктан ушундай башаламандык болуп жатат”, - дейт ал.


Акин Токталиев белгилегендей, азыркы маселеге бир эле киши күнөөлүү эмес. Ошол аймакка тиешелүү милиция бөлүмүнүн башчысынан баштап, ички иштер министринин орун басары жана министрди кызматтан алыш керек.


Алардын кызматтык абалын, моралдык жоопкерчилигин карап, чечкиндүү жазалар көрүлбөсө, мындай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт”, - деп кошумчалады укук коргоочу.  

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн