Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 13:18
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Акын, адабиятчы, акылман

19.11.2024 10:19
103
Акын, адабиятчы, акылман


(Жамгырбек Бөкөшев 70 жашта!)


Биздин азыркы интеллектуалдык турмушубузда көчүлүк анчалык элес албай, жеткире маани бербей жаткан өзгөчө көрүнүш (феномен) бар. Ал ар тараптуу шык-жөндөмгө, терең билимге ээ, сүйлөгөнү жана жазганы жагынан эч кимге камчы салдырбаган, дүйнөнү түрө кыдырып, философия жаатындагы эл аралык жыйындарда баяндама жасап, жарыш сөздөргө катышып жүргөн кыргыз ойчулу Жамгырбек Бөкөшев.


Мен аны менен 1970-жылдардын 1-жарымында, Кыргыз мамлекеттик азыркы улуттук университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө таанышкам. Ал менден эки курс төмөн окучу. Укканыма караганда, Токтогул районундагы мектепти алтын медаль менен аяктаптыр. Таанышканыбызга, достошконубузга себеп – адабиятка, сынга артыкча кызыкканыбыз болчу. Мен анда 2-курстан тартып эле курч макала жазып, окурман журтуна, адабият чөйрөсүнө тез таанылып калгам. Ушунумду үлгү тутушуп, жогорку жана төмөнкү курстарда окушкан К.Ибраимов, О.Ибраимов, К.Эдилбаев, К.Үсөбеков, К.Байжигитовдор да макала, рецензия жазууга киришкен эле. Аларга Ж.Бөкөшев да кошулчу. Биз баарыбыз биригип, “Кыргызстан маданияты” гезитинин сын бөлүмүнүн башчысы, таланттуу акын жана сынчы С.Тургунбаевге имерчиктеп, өзүнчө ийрим уюштурдук, адабий жанрга белсемдүү аралаштык. Бул ошол кездеги кыргыз адабиятында өзүнчө окуя болгон.


Жамгырбек сын макалаларды жазуу менен бирге бара-бара философия жаатына ооду. Көрсө, мунун да өз сыры, жүйө-себептери бар экен. Бул жөнүндө “Философия жана адабият” аттуу китебинде (2002) өзү мындай жазат: “Эс тартканы көркөм сөзгө көөнүм ооп, ыр, жомок, аңгеме-уламышка ынак болуп, адам өнөрүнүн ушул тарабына ышкым артты. Атам санжыра айткан, сын коюп сүйлөгөн сөзмөр адам эле. Ал “Алпамышты” ыр, кара сөз аралаштырып айтканда, бүт дитимди берип укчу элем да, кайра-кайра айттыра берип тажатчумун. Нуска кеп, аңыз-уламыштарды көп айтчу”.


Анын философияга арзуусу да эрте, мектепте окуганда башталыптыр: “8-класста окуп жүргөндө бир иштен улам мектептин директору чакырып калды. Кабинетине барсам, “сен отура тур” деп коюп чыгып кетти. Столунун үстүндө “Философиянын башталгыч курсу” деген жашыл китеп жаткан экен. Алып, баш жагын окуй баштадым. “Философия” деген сөз мурунтан тааныш болсо дагы илим-билимдин өз алдынча тармагы бар экени, анын милдет-кызматы жөнүндөгү сөздөр мага өзгөчө таасир этти. Ошондон баштап философия мени өзүнө тартып, ышкымды ойготту”.


Жамгырбек дагы бир маанилүү жагдайды эскерет: “9-10-класстарда Теңдик Аскаровдун макалаларын кызыгуу менен окуп жүрдүм. Теңдик Аскаров бир жагы филолог-адабиятчы, экинчиден, философия илимдеринин кандидаты экен. Башкача айтканда, философия менен көркөм сөздүн кош чылбырын колго алыш мүмкүн экендигин көмүскө болсо дагы мага айгинелеген өңдүү. Анүстүнө ал биздин айылдан. Балким, ушундан улам да бул фактор мага таасир эткендир деп ойлоп коём”. Ушул себептен мектепти бүткөндө философия адистигине окушту, анүчүн Москвага барышты (бизде андай адистерди даярдабагандыктан) эңсеген, бирок карыган ата-энесинде ал жакка барып окуганга каржысы жоктугунан университеттин филология факультетине тапшырыптыр. “Бирок философия менен көркөм сөз эриш-аркак бойдон калды мен үчүн” деп жазат Жамгырбек. 


Көркөм сөз демекчи, Жамгырбек мектепте окуп жүргөндө, студент кезинде жана андан кийин да ыр жазып жүргөн экен. Ал ырлары “Философия жана адабият” китебине тиркеме катары жана “Элүү ыр” деген алакандай жыйнагында (2004) жарыяланган. Мен аларды кайра окуп чыктым. Маани-маңыз жактан да, ыр курулушу, тили, уйкаштык жактан да дурус. Арасындагы “Акылман”, “Ойлойсуң”, “Тагдыр”, “Сократ”, “Жашоо кызыгы”, “Өмүр булактары”, “Хайдеггер”, “Асанкайгы” аттуу ырлары кадыресе философиялык мааниге ээ. Эгер Жамгырбек поэзияга баш-оту менен киришсе, аны кесип катары биротоло тутунса, акын сыпатында сөзсүз таанылмак. Мунун дагы бир кыйыр далили – Калык Ибраимов. Ал дагы кезегинде таланттуу адабиятчы жана философ катары өзүн жакшы көрсөткөн. Кийинки мезгилде маңыздуу эки ыр жыйнак чыгарды. Демек, талант кайда, кайсы чөйрөдө болсо да жарып, өнүп чыгат окшобойбу...


Жамгырбектин адабиятчылык, сынчылык жагына кайрылып келсем, ал 1970-1980-жылдары бул өңүттө бөтөнчө жакшы иштеди, өзүн кадимкидей таанытты, адабияттын ар кайсы түрү, жанрларына (поэзия, проза, сын) кайрылып, демейдеги токтоо, сабырдуу мүнөзүнө ойт бергенсип, курч сын макалаларды да жазды. Аларды “Философия жана адабият” жыйнагына кошту. Арасында экөөбүздүн “Социалисттик жашоо ыңгайы жана азыркы кыргыз адабияты” деген философиялык маанайдагы көлөмдүү маегибиз да бар (ал 1986-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган эле). Бул жагдайда да жогорудагыдай ойду кайталагым келет: эгер Жамгырбек адабиятчылык, сынчылык жол менен кетсе деле алдыңкы кесипкөй катары барк-баа алмак. 


Бирок ал кантсе да бир кезде өзү эңсеген кесипти – философияны (акылмандык, ойчулдук, даанышмандык) өйдө коюп, ага артыкчылык берип, бар дараметин, күч-кубатын ушул тармакка жумшады. Буга анын он бешке жакын философиялык китеби күбө. Алар жөнүндө мен “Биринчилер же коомдук илимдердин кайраткерлери” деген көлөмдүү макаламда (2018) кеп кылган элем. Ошондо кыргыз философиясынын абалына токтолуп, анын түптөлүшүнө салым кошкон аттуу-баштуу авторлордун эмгектерине өз баамды берип келип: “Философияны нукура кыргызча, жатык, түшүнүктүү, элестүү, ошол эле убакта илимий деңгээлде кубулткан жана сүйлөткөн Жамгырбек Бөкөшев болчу окшойт” деп жазгам.


Жамгырбектин философияга алгачкы кадамы улуу немис ойчулу, тили абдан татаал Гегелдин “Ким абстракттуу ойлойт?” деген макаласын орусчадан кыргызчага которуу аркылуу баштаган. Деги эле философияны, айрыкча немис тилиндеги татаал тексттерди башка тилдерге которуу, сүйлөтүү оңбогондой оор иш экенин ХХ кылымдагы эң атактуу акылмандардын бири, испан Х.Ортега-и- Гассет “Котормонун жардылыгы жана жаркыроосу” аттуу эссесинде белгилеген. Кудай жалгап, мээнетинин акыбети кайтып, Ж.Бөкөшев илим сымак (наукаобразно) же орусчадан которгондой (калька) жазган көпчүлүк кыргыз окумуштуулары же илимпоз сөрөйлөрүнөн айырмаланып кыргызча, мейли орусча болсун, өз эмгектерин так, таамай, түшүнүктүү, элестүү кылып жазат. Мен мурда жазгандарымды кайталабай, анын акыркы жаңы китебине (2020) басым жасагым келет.


Китеп “Бар менен жок (кыргыз антологиясы тууралуу кеп)” деп аталат. Аталышы бир чети түшүнүктүү, экинчи чети сырдуу, кызык. Ушуга жараша ичиндеги баптары да (аларды автор “кеп” дейт) нукура кыргызча, көзгө тааныш, кулакка жагымдуу: “Бар экен, жок экен”, “Бири кем дүйнө”, “Манас, Манас болгону”, “Күндө адам болуш кыйын”, “Төрт Маамыт”, “Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу”, “От дегенден ооз күйбөйт”. Кеп аягы да көңүл бөлөрлүк чындык. Кыргыз философиясы – “ачыла элек сандык”. Көрүнүп тургандай, китеп баштан-аяк улуттук негизге – сөз айкаштарына, аңыз сөздөргө, эпоско (“Манас”, “Эр Төштүк”), оюндарга, сөздүктөргө (М.Кашгарлык), адабиятка (Ч.Айтматов) таянган. Экинчиден, илимий түшүнүктөр, терминдер да жетишердик даражада, бирок өз орду, ныкабы менен колдонулган: бөлүм, онтологика, этноонтология, онтоноэтика, тааным, автология ж.б. Албетте, китепте “бар” менен “жок” түшүнүктөрү да ар тараптан талданып, кеңири чечмеленген. 


“Бул китеп менин “Кыргыз философиясы” (2013) аталган эмгегимдин уландысы” деп жазат Жамгырбек. Чынында эле ушундай. Ошол эле убакта ал автордун “Окуучу өтөт, ой калат” (2013), “Ой жана убакыт” (орус тилинде 2014), “Салт жана билим” (2014) деген китептерин да улантып, тереңдетип толуктап турат. Жалпысынан алганда, Жамгырбек Бөкөшев кыргыз философиясына да, өзүнүн илимий жолуна да ачык-айкын, даана, сынчыл көз караш менен карай билген инсан. Ошол себептүү ал кыргыз философиясын “ачыла элек сандык” катары мүнөздөйт. Өз кесиптештери да анын эмгектерин, айрыкча “Кыргыз философиясын” жогору баалашарын “Бар менен жокко” кирген пикирлер айкындап алат. Алардын ичинен Ж.Урманбетованын ар тараптуу баасы орундуу да, омоктуу да көрүнөт. Ушул өңүттө мен да өйдөдө эскерилген макаламда Ж.Бөкөшевге айрым каалоолорумду (айталы, Ж.П.Сайрга байланыштуу) билдирген элем. Муну Жамгырбек акыркы китебинде эске алыптыр. 


Бул ирет да ага бир-эки каалоо-тилек айткым бар. Биринчиси – европалык ойчулдардан Х.Ортега-и-Гассеттин “Философия деген эмне?”, “Философиянын келип чыгышы”, немис изилдөөчүсү Х.Хофмайстердин “Философиялык ойлоо деген эмне?” деген эмгектери чыгып, (индия, кытай, араб) классикалык философиясын жаздым калтырбаса. Экинчиси – өзүбүздүн “Кожожашты”, Арстанбек, Жеңижок, Нурмолдонун поэзиясын философиялык өңүттө тереңирээк талдап чыкса. 


Акыр жагында кошумчаларым бул: Жамгырбек тек кабинеттик, же кайдыгер ойчул эмес. Ал дайыма эли, эгемендүү мамлекети менен бирге жүрөт, жакшылыкка сүйүнүп, жамандыкка кейийт, студенттерге дайыма дарс берип келатат. Кезинде И.Арабаев атындагы Жалал-Абад, Чүй университеттеринде жетекчилик кылган, көптөн бери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде философия багытын башкарууда. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында депутат, комитет төрагасы болуп, эл аралык парламент жыйындарына катышкан. Ак ниет эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, “Даңк” медалына, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер наамына татыган. 


Мына эми ал 70 жашка толуп отурат. Өзүнүн “Акылман” аттуу ырында философ деген сөздү кыргызча акылман, даанышман, ойчул деп атаптыр. Мен анын талантынын көп кырдуулугун эске алып, макаламды уйкаштыгына, үндөштүгүнө карай “Акын, адабиятчы, акылман” деп атадым. Бар бол, досум Жамгырбек! Мындан ары да калкыңа ак дилиңден кызмат кыла бер!


Абдыганы Эркебаев

10.11.2024 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн