Акыркы коңгуроо аземи онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Жусупбекова 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, мындай чечим республикалык штаб менен болгон кеңешүүдөн кийин кабыл алынган.
"Белгилүү инсандардын куттуктоо сөзүн даярдайбыз, аны телеканалдар аркылуу чагылдурууну пландап жатабыз. Азыр бул маселе талкууланып жатат. Мектеп жамааттары, администрациялар дагы бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөздөрүн даярдашат", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн