Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Акыркы коңгуроого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

23.05.2023 12:15
286
Акыркы коңгуроого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашкандай, азыркы учурда мугалимдерден бүтүрүүчүлөрдү эч жака чыгарбоо тууралуу милдеттемелерди жаздырып алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


"Бүтүрүүчүлөр ошол күнү майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулушуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучу болууда. Мындан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Автобекеттерге барып, жүргүнчүлөрдү ташыган маршрут айдоочуларына жана ижарага берген той кортеждерине барып, ошол күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аларды тоо-суу эс алуучу жайларга алып барбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат билдирүүдө.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы коңгуроо күндөрү шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт постторун орнотуп, өспүрүмдөрдү ташыган унааларды текшерүү менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн