Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акыркы үч аптада Ысык-Көлдө жалпы 450дөн ашык медик эс алды

17.08.2020 09:57
829
Акыркы үч аптада Ысык-Көлдө жалпы 450дөн ашык медик эс алды


Ысык-Көл облусуна ден соолугун чыңдоо үчүн жиберилген  200 медицина кызматкери эс алуусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, алардын арасында Ош, Талас жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде, илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочуларына чейин бар.

COVID-19 илдети менен күнү-түнү, талыкпай күрөшкөн медицина кызматкерлеринин атынан кыргыз бийлигине, КР Саламаттык сактоо министрлигине ыраазычылык билдиребиз. Бул эс алуу өз учурунда, керектүү убакта болуп жатат”, - дейт Кара-Суу аймактык ооруканасынын эмгек жамааты.

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлдөгү “Эне Сай” пансионатында 7 күн эс алышмакчы. Каржылоо маселеси эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду тарабынан чечилди.

 “Бул эс алуу биздин саламаттыгыбызга пайдалуу болот. Күч топтоп кайра улукмандык ишибизди улантмакчыбыз. Анткени, жарандарыбыздын ден соолугун чыңдоо, өмүрүн сактоо үчүн биз билим алдык, ант бердик. Мекен үчүн дайым кызмат кылууга даярбыз”, - дейт Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун врач-эпидемиологу Айгүл Төрөкулова.

Өкмөт ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочуларын унутпай, бизди дагы эс алууга жөнөтүп жатканына ыраазыбыз”, - дейт Бишкек шаардык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочусу Шаршенбай Алпаров.

Акыркы 3 аптанын ичинде жалпысынан 450дөн ашуун медицина кызматкери “Эне Сай”, “Алтын Жай” пансионаттарында эс алганын КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айгүл Бообекова:КР Президентинин, Өкмөттүн колдоосу менен профсоюз федерациясы жана башка министрлик, мекемелердин ортосунда медицина кызматкерлери эс алууга жөнөтүлүп жатышат. Алардын ден соолугу үчүн таза аба менен дем алуу, туура тамактануу, кыймылда болуу өтө маанилүү”, - дейт КР ССМ адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын жетекчиси.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн