Оор дартка чалдыккан Алина Батурова оорудан каза болду. Бул тууралуу "Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунун жетекчиси Шайырбү Сагынбаева билдирди.
Алина Батурова эмчектин залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап келген. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө метастаздар бар болгон. Оор илдет менен күрөшүп жаткан Алина айым ар 4 саат сайын морфин алып турган. Бейтаптын күйөөсү Казакстандын жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам келин окуясын коомчулукка алып чыгып, жардам сураган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн