Сокулукта тоо боорунда жайгашкан Акпай көлү кайра толуп элге коркунуч жаратпайт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сокулук району, Төш-Булак айылынын тоо аймагында жайгашкан Акпай бийик тоолуу көлүнүн абалын жеринен аныктоо максатында, Сокулук райондук №23 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жерине барып, көлдө болжол менен 1,5-2миң куб суу калгандыгын жана көлдүн кайрадан жээктен ашып кетүү коркунучу жоктугун аныкташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн