Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акрам Мадумаров КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский менен жолугушту

02.10.2020 19:31
565
Акрам Мадумаров КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский менен жолугушту

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине байкоо сала турган КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү үчүн КМШнын байкоочулар миссиясынын делегациясы белгилүү бир кыйынчылыктарга карабастан Кыргыз Республикасына келгенин белгилеп, байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Быйыл өтүп жаткан шайлоо процессине ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюросунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын, Шанхай кызматташтык уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү  байкоо салууда. Ошол эле учурда миссия Кыргыз Республикасынын аймагын кеңири камтуу үчүн миссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык аймактарында жүргүзүп жаткан иштери дагы бир жолу кыргыз тараптын эл аралык байкоочулар үчүн ачыктыгын жана кыргыз тараптын ачык жана демократиялык шайлоону камсыз кылууга умтулгандыгын күбөлөндүрөт», - деди вице-премьер-министр. 

Акрам Мадумаров шайлоочулардын тизмесин түзүү жана аларды идентификациялоо  биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатканын, добуштар автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жардамы менен эсептелерин айтып, Кыргыз Республикасында шайлоо процесси санариптик технологияларды пайдалануу менен өткөрүлүп жатканын кошумчалады. 

«Өкмөт шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт», - деди Акрам Мадумаров. 

Вице-премьер-министр КМШнын байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы үчүн ар тараптуу кызматташуу, Шериктештик мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди ырааттуу тереңдетүү үчүн КМШ жана анын институттарынын диалог аянтчасын максималдуу пайдалануу маанилүү экендигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн