Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:23
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Акрам Мадумаров жетекчилер менен чек ара маселесин талкуулады

28.04.2020 10:44
1132
Акрам Мадумаров жетекчилер менен чек ара маселесин талкуулады


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров онлайн режиминде чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.


Жыйындын жүрүшүндө Чек ара маселелери боюнча катчылыктын, Өкмөткө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Өкмөткө караштуу мамлекеттик чек ара кызматынын, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды. 


Кеңешмеде ошондой эле чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды.  


Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчтөндүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. 


Баткен облусунун жетекчилигине жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу чектеш райондордогу суу ресурстарын коңшу мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн