Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Аксы районундагы төрөт үйүнүн акушер-гинекологу пара алып жаткан жеринен кармалды

Аксы районундагы төрөт үйүнүн акушер-гинекологу пара алып жаткан жеринен кармалды

Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


      Белгилүү болгондой,    УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө калыптанган паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды. 

  "УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.


 Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2023-жылдын 2-феврал күнү М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды",- деп айтылат билдирүүдө.


 Азыркы учурда аталган факт КР УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

   

    КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы жарандарга опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну эскертет. 


       

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн