Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:43
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Аксыда 3,1 млн сомду милиция кызматкерлери өздөштүрүп алган

17.06.2022 12:39
461
Аксыда 3,1 млн сомду милиция кызматкерлери өздөштүрүп алган

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үч миллион сомдон ашык каражатты өздөштүрүп алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратура тарабынан пландык иш-чаранын негизинде Аксы райондук күзөт бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн.


"Кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен бухгалтердик отчёттордо жалган маалыматтарды көрсөтүшүп, өздөрүнө мыйзамсыз ашыкча эмгек акыларды алышкан жана жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекеттик сатып алууларды өткөрүшүп, бюджеттик акча каражаттарды накталай түрдө өздөрүнө сиңирип алышкан, анын жыйынтыгында мамлекетке 3 миллион 191 миң 947 сом зыян келтиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.


Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодекстин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн