Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын жашоочулары жардамга муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал үй-бүлө там салып, бирок чатырын жабууда акчалары жок болгондуктан жергиликтүүлөр курулуш иштерине 70 миң сомдук жардам көрсөттү. Үйдүн чатырын жабууда айыл эли дагы кол кабыш кылышкан.
“Ак-Дөбө участкасынын жамааты айылдашыбызга жардам кылып, үйдүн чатырын жабууда акчалай жана кол кабыш кылуу менен көмөк көрсөтүштү. Суук түшкөнгө чейин үйүн жылуулап кирип алышына да жардам беребиз", - деди имам Мырзабек ажы Абдыкалыков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн