Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксыда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын денеси табылды

14.07.2021 11:02
1314
Аксыда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын денеси табылды

Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол а/а, Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Таштак айылында 2016-ж.т. К.А. аттуу баланы, Ак-Жол а/а, Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп, 2018-ж.т. Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен. 


Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган. 

14-июлу күнү саат 06.30дан КР ӨКМнин 15 куткаруучу, Аксы райондук РИИБнөн 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө иштери учурда уланууда.


Саат 10:30 чамасында Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында сел агызып кеткен 2018-ж.т. Ф.Т. жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылды


Учурда (2016-ж.т. К.А.) аттуу баланы издөө иштери уланууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн