12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол а/а Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында 7 адамдын жансыз денелери табылып, 2016-ж.т. К.А. аттуу бала табыла элек. Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин 58 куткаруучу тартылган.
Ак-Жол а/а, Кум-Булуң тилкесиндеги Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясына куйган жердеги жээктен 5-6 жаштагы 1 баланын жансыз денеси жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу тартылып, саат 15:20да маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жогоруда Аксы районундагы табылбай жаткан баланын ата-энеси келип, табылган бала 2016-ж.т К.А. атуу баласы экендигин тастыктап беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн