Аксыда сел агызып кеткен 5 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
12-июль күнү саат 18:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол а/а Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында 7 адамдын жансыз денелери табылып, 2016-ж.т. К.А. аттуу бала табыла элек.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин жалпы 58 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн