Теке 11, 2025
Убакыт: 17:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Аксыда селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

11.07.2025 13:07
16
Аксыда селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат


Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунун Кой-Таш айылына барып, кечээ селдин кесепетинен жабыркаган аймактардын абалы менен жеринен таанышып чыкты.


Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, күн мурун саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын улам кокту-колоттон келген сел суулары эки көпүрөнү жана айыл ичиндеги үч ички чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. 


Мындан тышкары, 4 электр мамысы жана бир электр көмөк чордонун агызган. Учурда айылдагы 150гө жакын кожолукка электр энергиясын берүү иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.


Селдин кесепеттери Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал, Кашка-Суу жана Тосту айылдарын да каптаган. Бул аймактарда азыркы тапта тазалоо жана калыбына келтирүү иштери аяктап калды.


Облус башчысы Тилек Текебаев Кой-Таш айылында жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштерин көзөмөлдөп, тиешелүү мамлекеттик органдарга керектүү техникаларды тартуу, тазалоо жумуштарын ыкчамдатуу жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн