Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксыда селге агып кеткен адамдарды издөөдө милиция кызматкерлери жардам көрсөтүүдө

13.07.2021 12:42
1651
Аксыда селге агып кеткен адамдарды издөөдө милиция кызматкерлери жардам көрсөтүүдө


2021-жылдын 12-июль күнү саат болжол менен 19:00дөр чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагы менен Ак-Жол айыл аймагын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосуна жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, натыйжада 8 адамды агызып кеткендиги боюнча Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө жергиликтүү тургундардан маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бул болгон жаратылыш кырсыгы Аксы РИИБдин МЭЖна катталган.


Жогоруда алынган маалымат боюнча Аксы РИИБдин өздүк курамы түп көтөрүлүп, окуя болгон жерге Аксы РИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен барышкан. Ошондой эле КРнын Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров тиешелүү кызматкерлери жана атайын техникалар менен окуя болгон аймакка барышып, учурда жеринде иш алып барышууда.


"Азыркы учурга 6 адамдын жансыз денеси табылып, өздүктөрү такталган. Ал эми калган 2 жаранды издөө иштери улантылууда. Ошондой эле издөө иштерине Жалал-Абад ОИИБдин Кинология борборунун атайын кызматтык иттери менен тиешелүү кызматкерлер кошумча күч катары тартылган.


Окуя болгон учурдан тартып Аксы РИИБдин өздүк курамы сел алган аймакта кызмат өтөшүп, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иштешип, жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам көрсөтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн