Аксы районунда ууланып каза болгондордун саны 5ке жетти. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2-мартта Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү кафелердин бирине бир топ тургундар тамактануу үчүн чогулушкан.
3-мартта алар ооруканага бара баштаган. 4-мартка карата 5 адам каза болду, экөө ооруканада.
1959-жылы туулган Т.Ш., Иири-Булуң участкасынын тургуну;
1952-жылы туулган А.Р., Иири-Булуң участкасынын тургуну;
1967-жылы туулган М.Ч., Кезарт айылынын тургуну;
1968-жылы туулган К.Ж., Кезарт айылынын тургуну;
1967-жылы туулган О.Ч., Чарба айылынын тургуну.
Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бир, терапия бөлүмүндө дагы бир жаран дарыланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн