Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Активист Атай Бейшенбек кайсы иш боюнча суралганы белгилүү болду

17.05.2022 09:11
904
Активист Атай Бейшенбек кайсы иш боюнча суралганы белгилүү болду

Активист Атай Бейшенбек милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн кийин активист бошотулганын кабарлашты.


20-апрелде Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Бишкек шаардык сотунун Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнөн Б.А`дан мамлекеттик ишканалардын биринин пайдасына жалпы суммасы 200 миң сом жана мурда төлөнгөн 12 миң 904 сомду өндүрүү боюнча материал келип түшкөн. Жүргүзүлгөн иштердин алкагында 2021-жылдын 21-декабрында Б.А`га соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу боюнча сунуш жөнөтүлгөн, бирок ал аткарган эмес. Буга чейин бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренесинин 1-бөлүгү (Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Бүгүн бул кылмыш ишинин тергелишине байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматына кошумча иликтөө үчүн 1991-жылы туулган Б.А. алып келинди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин Б.А. өз ыктыяры менен келүү убадасынын негизинде бошотулду. Тергөө иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн