Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жеке ишкер Бактыбек Чойбеков Таласка 1,1 млн сомдук жардам көрсөттү (сүрөт)

24.07.2020 12:22
1415
Жеке ишкер Бактыбек Чойбеков Таласка 1,1 млн сомдук жардам көрсөттү (сүрөт)


Жеке ишкер, активист Бактыбек Чойбеков Талас районуна 1,1 миллион сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Асылбек Рахманов жарыялады.


Анын айтымында, Бактыбек Чойбеков 13 айыл өкмөтүнө кычкылтек концентраторлор, пульсоксиметрлер, тепловизорлор, жеке коргоочу каражаттар (СИЗ), респираторлор жана клексан, гепарин, оксапар сыяктуу керектүү дары-дармектерди таркаткан. Ошондой эле медицина кызматкерлерине да акчалай жардам көрсөткөн.

 

“Агабыз Бактыбек Чойбеков өзүнүн демилгеси менен 23-июль күнү Талас районундагы 13 айыл өкмөтүнө керектелүүчү негизги медициналык каражаттар жана дары-дармектер түрүндөгү жалпы суммасы 1 100 000 сомдук жардам көрсөттү. Ар бир айыл өкмөтүнө бүгүнкү күндө абдан зарыл болуп турган кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер, тепловизорлор, жеке коргоочу каражатта (СИЗ), респираторлор ж.б. жабдыктар, клексан, гепарин, оксапар сыяктуу тартыш болуп жаткан дары-дармектер тапшырылып берилди. Андан тышкары, вирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турган ак халатчан баатырларыбызга, К.Токтогулов атындагы Талас аймактык ооруканасынын дарыгерлеринин жалпы курамына дагы акчалай колдоо көрсөтүлдү”, - деп билдирүү калтырган ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн