Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Активист Тилекмат Куреновду колдогондор 10-бөлүмгө жөнөштү

15.03.2021 17:34
526
Активист Тилекмат Куреновду колдогондор 10-бөлүмгө жөнөштү



Жарандык активист Тилекмат Куреновду азыр Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүнө алып кетишти. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.

 


“Урматтуу журналисттер, коомдук-саясий ишмерлер, кадырлуу кыргыз эли Тилекмат Куреновго ойлонулуп жасалган кине коюлушу мүмкүн. ГУБОПко баратабыз”, - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына.

 


Тилекмат Куренов буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн.


Жакында эле Ак үй алдында Баш мыйзамдын жаңы редакциясына каршы митингге катышкан. Буга чейин Жетим-Тоо чет элдик ишкерлерге берилбесин деген талап менен митингге чыккан. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн