Быйыл Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованын урматына 1000ден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркайга ысым ыйгарылган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин «Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн» маалыматы боюнча, 414 ымыркайга Акжол, 323 кызга Айсулуу, 374 кызга Мээрим, 279 кызга Айпери ысымы ыйгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн