Болгариянын Велико-Тырново шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан эл аралык мелдешке бүгүн, 19-февралда Олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси Акжол Махмудов килем үстүнө чыкты.
77 килограмм салмакта 1/16 баскычта Грузиядан келген атаандашын 5-1 эсебинде жеңди. Махмудов 4 упайды атаандашын башына ашыра көтөрүп чапканы үчүн алды.
Эми Махмудов 1/8 финалда мелдешке чыгат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн